Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Пентагон талибдерге тик учактарды кайтарбайт


Кабул аэропортундагы аскерий учактар. 2020-жыл.
Кабул аэропортундагы аскерий учактар. 2020-жыл.

Былтыр жайында бийликке келген "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Өзбекстанга жана Тажикстанга чыгарылып кеткен тик учактарды кайтарып берүүнү талап кылганы менен Пентагон учактар Ооганстанга кайтарылбай турганын билдирди.

Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби шейшембиде журналисттердин Ооганстандан чыгып кеткен тик учактар тууралуу суроосуна жооп берип, бул маселенин үстүндө иштеп жатканын билдирди.

"Биз дагы эле ал тик учактардын жайгашуусу боюнча иш алып барып жатабыз. Менде жаңы маалымат жок. Алардын кайда бара турганы тууралуу эч кандай чечим жок. Менимче, алар Ооганстанга талибдерге каршы колдонуу үчүн жөнөтүлбөйт".

Жон Кирби.
Жон Кирби.

Ал эми Пентагондун мындай билдирүүсүн утурлай, талиб өкмөтүнүн Коргоо министрлиги тик учактар Ооганстанга таандык экенин жана "эртеби-кечпи алар кайтарыларын" билдирди.

Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Иноятулла Хорезми 19-январда "Азаттык" радиосунун ооган кызматына билдиргендей, мурда бул учактарды америкалыктар алып келгенин, аларды расмий түрдө "бул өлкөгө" өткөрүп беришкенин жана ал учактар эми оогандыктардын мүлкү экенин эскертти.

"Кандай болсо да, биз бул тик учактарды бүгүн же эртең алабыз. Биз Пентагондун айткандарын четке кагабыз жана муну биздин ички иштерибизге кийлигишүү деп эсептейбиз”, - деди ал.

Ошондой эле өткөн жумада талиб өкмөтүнүн коргоо министри Мавлави Мухаммад Якуб да Тажикстан менен Өзбекстанга кайрылып, Ооганстандын аскердик тик учактары кайтарылбаса, "кесепети оор болорун" эскерткен.

Мындай маанидеги кайрылууну талибдер соңку жума ичинде эки жолу жасашты. Азырынча Дүйшөмбү менен Ташкент эч кандай жооп кайтара элек.

Талиб согушкерлери Кабул аэропортундагы ангарда Ооган аскердик аба күчтөрүнүн жабыркаган тик учактарынын жанында турат. 14-сентябрь, 2021-жыл.
Талиб согушкерлери Кабул аэропортундагы ангарда Ооган аскердик аба күчтөрүнүн жабыркаган тик учактарынын жанында турат. 14-сентябрь, 2021-жыл.

Анткен менен айрым маалымат каражаттары борборазиялык серепчилерге шилтеме жасап, талибдердин тик учактарды талап кылууга укугу жок экенин, анткени алардын өкмөтүн дүйнөнүн бир дагы өлкөсү тааныбай турганын, ошондуктан алардын талаптары мыйзамсыз жана маанисиз экенин айтышууда.

Ал эми Reuters агенттиги Тажикстан менен Өзбекстан Ашраф Ганинин өкмөтү кулагандан кийин Кабулга жеткирилген айрым аскерий учактар менен тик учактарды Ооганстанга кайтарып берүү ниети жок экенин кабарлады.

Агенттик ошондой эле, коңшу эки өлкө АКШдан тик учактардын бир бөлүгүн алып калууга уруксат берүүнү талап кылышканын жазат. Деген менен Вашингтон бул маселе боюнча расмий комментарий бере элек.

Өзбекстандын чек арасын кесип өткөн Ооганстандын аба күчтөрүнө таандык учактын жаракат алган учкучу.
Өзбекстандын чек арасын кесип өткөн Ооганстандын аба күчтөрүнө таандык учактын жаракат алган учкучу.

Былтыр жайында өзбек бийлиги Ооганстандан аскердик 22 учак жана 24 тик учак чек араны кесип өткөнүн билдирген. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы оогандык авиация Термездеги аэропортко күч менен кондурулганын ачыктаган.

Алардын бортунда жалпысынан 585 ооган аскери Өзбекстанга келген. Ошондой эле бир ооган аскер учагы чек арадан учуп өтүүдө өзбек истребители менен кагышып, кулап түшүп, учкучтар аман калганы айтылган.

Муну менен катар, былтыр августта ондогон оогандык учкучтар Тажикстанга кире качып, Дүйшөмбүнүн четиндеги санаторияда үч ай баш калкалап турган. Талибдер айрым учкучтарды "туугандарыңарды өлтүрөбүз" деп коркутуп, Ооганстанга кайтууга мажбурлашкан.

Бул учкучтар Ооганстандагы ондогон жылдарга созулган согушта америкалыктарга жардам берүү менен маанилүү роль ойношкон.

Бул тик учактардын көбүн ооган куралдуу күчтөрүнө АКШ берген.

АКШ аскерлеринин машыгуусунан өткөн оогандык 143 учкуч жана качкындар отурган учак Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдөн былтыр 10-ноябрдын таңында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарына учуп кеткен.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG