Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Бишкекте 24 мектеп онлайн окутууга өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык мэриясы 21-январда дагы сегиз мектеп эки апталык карантинге жабылганын, ушуну менен жалпысынан 24 мектеп онлайн окутууга өткөнүн маалымдады. Буга чейин шаардагы билим берүү жетекчилер ата-энелерге кайрылып, ооруп калган балдарды мектепке, бала бакчага жибербей турууга чакырган.

Соңку бир күндө Кыргызстанда коронавирус дагы 788 адамдан аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкектин тургундары (523 адам).

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы бир бейтап каза болгонун, ал вакцина албаганын билдирди.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 193 миңден ашты, 2842 бейтап каза болду. 181 миңден ашык киши сакайып чыкты.

Ушул күндөрү 1075 бейтап ооруканаларда, 6429 адам үйлөрүндө дарыланууда.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун "омикрон" штаммы катталганын, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG