Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Европарламент Казакстанды акцияга чыккандарды “террорчу” деп атоодон карманууга чакырды


Европа парламенти.
Европа парламенти.

Европа парламенти 20-январда Казакстандагы окуялар боюнча резолюцияны кабыл алды. Добуш берген 600дөй депутаттын 500дөн ашыгы документти колдоп добуш берди.

Резолюцияда Казакстандын бийлигин жарандарга жана коомдук уюмдарга саясий куугунтукту токтотууну, кармалгандарды бошотууну, тынчтык митингдерге тоскоол болбоону, негизсиз камоолорго жана кыйноолорго чекит коюуну чакырган 27 пункт бар.

Европарламент казак бийлигин нааразылыктарды күч колдонуу жана зомбулук менен басып, акциянын катышуучуларына карата “терроризм” жана “экстремизм” деген түшүнүктөрдү эпсиз колдонуп, киши өлүмүнө алып келген көрүнүштөргө жол бергенин айыптайт.

Президент Касым-Жомарт Токаевдин “эскертүүсүз ок чыгаруу буйругу” аталган документте “Казакстандын эл аралык укуктук милдеттемелерин бузуу” катары мүнөздөлгөн. Документ “террорчулардын” саны боюнча айтканын негизсиз деп баалап, “террорчу” деген түшүнүктү кеңири мааниде колдонуп, айып коюудан карманууга чакырат.

Резолюция кабыл алынганга чейин Токаев Твиттердеги баракчасында Казакстан “адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгү жаатындагы милдеттемелерин аткаруусун уланта берерин” жазган.

Казакстандагы нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматыда ири башаламандык менен коштолгон.

Буга байланыштуу билдирүүлөрүндө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тополоң чыгаргандарды “эл аралык деңгээлде даярдыктан өткөн террорчулар” деп атап, “эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин” айткан. Алматынын өзүндө эле “20 миңдей террорчу бар экенин” билдирген. Ушуга байланыштуу Токаевдин өтүнүчү менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери Казакстанга кирип, кырдаал турукташкандан кийин кайра чыгып кетти.

Тополоңдо жалпы 227 адам өлгөнү аныкталды. 10 миңдей адам кармалганы кабарланган, 700дөй кылмыш иши козголду. (ErN)

XS
SM
MD
LG