Кыргызстанда көмүрдүн орточо баасы 5 миң сомдон бир аз жогору

Кара-Кече көмүр кени. Ноябрь, 2021-жыл.
Көмүрдүн баасы 21-январга карата Кыргызстанда орточо 5 миң 183 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Эң арзан баа Чаек айылында, бир тонна көмүр 3000 сом. Балыкчы шаарында – 4 000 сом, Кара-Балта жана Бишкек шаарларында – 4500 сомдон сатылууда.
Эң кымбат көмүр Ноокат районунда – 7 599 сом, Баткен облусунда 7 230 сом жана Кара-Суу районунда 7 000 сом.
Былтыр 12-октябрда Министрлер кабинети үч айга көмүрдүн наркына мамлекеттик жөнгө салуу чарасын киргизген. Бирок баа көтөрүлө берген.
Кыргызстанда суук түшөрү менен энергетикалык каатчылык сезиле баштады. Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлүп, ортомчулар менен талаш-тартыштан улам Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылыктар жаралган.
16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсүнөн кийин Бишкекте 3000 сомдон көмүр сатуучу пункттар иштей баштады. Бирок аларга чоң кезек жаралып, ар бир сатып алуучуга эң көбү эки тонна гана сатылууда.
Кара-Кече кениндеги тазалоо иштерине байланыштуу көмүр сатуу экинчи жолу токтотулду. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы 27-декабрдан 10-январга чейин иш убактылуу токтогонун кабарлаган. Ага чейин кенде 15-декабардан 20-декабрга чейин тазалоо иштери жүргөн. (МТа)
Көмүрсүз жашай албаган Бишкек
1/15Көмүр базар таңкы саат 8ден баштап кечке чейин иштейт.
Бул Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арчадагы көмүр базары. Базарда соода күз келгенде кызыйт. Базарга көмүр көбүнчө Кара-Кечеден келет. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сом.
2/15Мындагы жумушчулар кенден казылып келген көмүрдү иргеп, тазалашат.
Бул Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арчадагы көмүр базары. Базарда соода күз келгенде кызыйт. Базарга көмүр көбүнчө Кара-Кечеден келет. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сом.
3/15Кышкысын жаңы конуштарда көмүр бизнеси күч алат. Чөнтөгү жука үй-бүлөлөр жума сайын каптап көмүр алууга аргасыз.
Бул Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арчадагы көмүр базары. Базарда соода күз келгенде кызыйт. Базарга көмүр көбүнчө Кара-Кечеден келет. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сом.
4/15Ноябрда өлкөдө кескин суук түшүп, көмүр баасы кымбаттап кеткен. Мындан кийин бийлик көмүрдүн баасын 3 миң сомдон ашырбоого тапшырма берген. Бул көмүр кенинде узун кезекти, айдоочулардын нааразылыгын жараткан.
Бул Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арчадагы көмүр базары. Базарда соода күз келгенде кызыйт. Базарга көмүр көбүнчө Кара-Кечеден келет. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сом.
5/15Кыргызстанда көмүргө болгон таңкыстык жогору. Суук эрте түшкөндүктөн эл күз айынан тарта от жагууга мажбур.
Бул Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арчадагы көмүр базары. Базарда соода күз келгенде кызыйт. Базарга көмүр көбүнчө Кара-Кечеден келет. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сом.
6/15Өзүн Бакыт деп тааныштырган соодагер бул базарда 13 жылдан бери көмүр сатып иштейт. (Сүрөттө аны колу).
"Жайы-кышы көмүр сатып иштеп, 13 жылдан бери үй-бүлөмдү багып келем. Көмүрдүн сезону августа башталат. Бул учурда адамдар кышка камына баштайт. Азыр кыш болгону менен соода жай. Эл эчак эле тонналап көмүр алып койгон. Азыр көбүнчө колу жука адамдар мүшөктөп көмүр алат", - деди соодагер.
Бул Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арчадагы көмүр базары. Базарда соода күз келгенде кызыйт. Базарга көмүр көбүнчө Кара-Кечеден келет. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сом.
7/15Бул базарда көмүрдөн сырткары отун дагы сатылат. Бир кап отундун баасы 180 сом.
Бул Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арчадагы көмүр базары. Базарда соода күз келгенде кызыйт. Базарга көмүр көбүнчө Кара-Кечеден келет. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сом.
8/15Шаарда акыркы жылдарда абанын булганышы эң башкы экологиялык көйгөй бойдон калууда. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш каптайт. Адистер буга көмүрдүн түтүнү дагы себеп болуп жатканын айтышууда.
Бул Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арчадагы көмүр базары. Базарда соода күз келгенде кызыйт. Базарга көмүр көбүнчө Кара-Кечеден келет. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сом.
Бул Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арчадагы көмүр базары. Базарда соода күз келгенде кызыйт. Базарга көмүр көбүнчө Кара-Кечеден келет. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сом.
10/15Бишкек шаарында көмүрдүн тоннасы өткөн жылга салыштырмалуу 1400 сомго чейин кымбаттады.
Бул Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арчадагы көмүр базары. Базарда соода күз келгенде кызыйт. Базарга көмүр көбүнчө Кара-Кечеден келет. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сом.
Бул Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арчадагы көмүр базары. Базарда соода күз келгенде кызыйт. Базарга көмүр көбүнчө Кара-Кечеден келет. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сом.
Бул Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арчадагы көмүр базары. Базарда соода күз келгенде кызыйт. Базарга көмүр көбүнчө Кара-Кечеден келет. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сом.
Бул Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арчадагы көмүр базары. Базарда соода күз келгенде кызыйт. Базарга көмүр көбүнчө Кара-Кечеден келет. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сом.
14/15"КамАЗ" менен көмүр түшүрүп жаткан соодагерлер. Бир "КамАЗга" 15-16 тонна, Хового 25 тонна көмүр батат.