Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Москва: журтташына кол cалган үч кыргызстандык жаран кармалды


Москва шаары.
Москва шаары.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарындагы кыргызстандык "Тik Tok" блогерге кол салуу фактысы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 1991-жылкы жарандын сабалып-тонолушуна байланыштуу шаардык полиция үч кыргызстандыкты камады, учурда тергеп-иликтөө жүрүп жатат.

Мунун алдында орусиялык айрым басылмалар окуя "Москва-сити" борборунда, блогер жашаган квартиранын ашканасында болгонун жазышкан. Анда телефонун, синтезаторун жана 27 миң рубль акчасын тартып алышканы айтылган. Кол салгандар блогерди машинага сала кетип, төрт сааттай шаар айланып жүрүшкөн.

Орусияда кыргызстандык жарандардын өз мекендештерине кол салган, аларды талап-тоногон учурлары буга чейин дагы катталган.

Расмий маалыматтарга караганда, Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалыматтарда алардын саны бир миллиондон көп экени айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG