Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Темиров: эң негизгиси иликтөөнү чыгарып үлгүрдүк


Болот Темиров, иликтөөчү журналист.
Болот Темиров, иликтөөчү журналист.

22-январда иликтөөчү журналист Болот Темировду кеңсесинен милиция алып кетерден мурун «эң негизгиси иликтөөнү чыгарып үлгүргөнүн» айтты. Бул видеону адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбук баракчасына жарыялады:

«Эң негизиси биз Ташиев тууралуу иликтөөнү чыгарып үлгүрдүк. Анткени алар иликтөөнүн качан чыгарын аябай билгилери келген. Коркутуулар болду. Биздин баракчаларды талкалап кирип, маалыматтарды алууга аракет жасашты. Биздин жабдыктарды (компьютерлерди) алып кетүү менен алар иликтөөнү кантип жасаганыбызды аныктай алабыз деп ойлоп жатышат окшойт. Ал эми бүгүнкү кырдаал тууралуу айта кетсем, мени тинтип жатышканда белгисиз зат табышты. Алар кирип келип, мени жерге көмкөрөмөн жаткырып, үстүмө эки кызматкер отуруп алды. Албетте, бул учурда арткы чөнтөктөрүм алардын көзөмөлүндө болчу. Тинтүү малында ошол арткы чөнтөгүмөн ичинде жашыл түшүнүксүз заты бар баштыкча чыкты. Ал, албетте, меники эмес» - деди Темиров.

Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал ар кыл темада журналисттик иликтөөлөрдү жарыялап келген. Жакында анда "Ташиевдердин схемасы" жөнүндө "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөө чыгарган.

Temirov LIVE командасынын мүчөсү, журналист Актилек Капаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери Бишкектеги кеңсеге саат 19:15терде киргенин билдирди. Журналисттин айтымында, тинтүүнү ИИМдин алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жүргүзгөн.

ИИМ журналисттин кармалышы боюнча азырынча комментарий бере элек. "Азаттык" укук коргоо органдарынан комментарий алып берүүгө аракеттенет.

41 жаштагы Болот Темиров курч журналисттик иликтөөлөрү менен таанылган. Ал маалыматты ар кыл булактардан салыштырып, факт жүзүндө тастыктап, иликтөөлөрдү жүргүзүп келет. 2020-жылдын 9-январында Бишкекте белгисиз адамдар сабап кеткен. Ал окуяны өзүнүн журналисттик кесиби менен байланыштырган. Кийинчерээк аны урган эки адамды милиция кармаган.

2020-жылы Болот Темиров АКШнын Мамлекеттик департаментинин Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыгына татыган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG