Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

Адахан Мадумаров алтынчы жолу сурак берип чыкты


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров сурактан чыкты. Ал бүгүн алтынчы жолу Башкы прокуратурага сурак берүү үчүн барган. Саясатчы эртең, 25-январга саат 15:00гө кайра чакырылган.

Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган.

Ал 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ал кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.

Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырууда.

Бул иш боюнча Мадумаров менен Малайзиядагы элчи Азимбек Бекназаров 19-январда беттештирилген.

Президент Садыр Жапаров 17-январда "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атады. Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын айтууда.

XS
SM
MD
LG