Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Британия Украинадагы айрым дипломаттарын чыгарып кетет


Киевде машыгып жаткан украиналык ыктыярдуу аскердик кошуундардын мүчөлөрү. 22-январь, 2022-жыл.
Киевде машыгып жаткан украиналык ыктыярдуу аскердик кошуундардын мүчөлөрү. 22-январь, 2022-жыл.

Улуу Британия менен АКШ Киевдеги айрым дипломаттары Украинадан чыгып кетерин жарыялашты. Британиянын Тышкы иштер министрлиги Киевдеги британ элчилигинин айрым кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн чыгарып кетүү чечими "Орусиядан коркунуч көбөйүп жатканына" байланыштуу кабыл алынганын 24-январда билдирди.

Андан бир күн мурда АКШнын Мамлекеттик департаменти Киевдеги элчиликте иштеген дипломаттардын үй-бүлөлөрүнө өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштаган. Департаменттин расмий өкүлү Орусия украин аймагына “кайсы убакытта болбосун” басып кириши мүмкүндүгүн, анда Вашингтон өз жарандарын эвакуация кыла албай каларын айткан.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги АКШнын чечимин «ашыкча этияттык» деп сыпаттады. Еврошаркеттин өлкөлөрү өз дипломаттарын чыгарууну пландабаганын биримдиктин тышкы саясат боюнча мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррел дүйшөмбү күнү билдирди.

Соңку бир канча айдан бери АКШ, НАТО жана Киев Украинага жакын аймакта жүз миңдей орусиялык аскерлер топтолуп турганына тынчсыздануусун билдирип, Москва жакынкы мезгилде Украинага басып кириши мүмкүн экенин эскертип келет.

Орусия аскердик операцияга даярдык көргөнүн четке кагып жатат. Ошол эле учурда Москва НАТОдон Украинаны аскердик альянска мүчө катары кабыл албоону талап кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG