Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

"Бир дүйнө - Кыргызстан" Темировдун окуясын көзөмөлгө алууга спикерди чакырды


Иликтөөчү журналист Болот Темиров. 23-январь 2022-жыл
Иликтөөчү журналист Болот Темиров. 23-январь 2022-жыл

Иликтөөчү журналист Болот Темиров мене төкмө акын Болот Назаров кабылган окуя боюнча "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюму Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылуу жолдоду.

Анда Temirov Live редакциясынын кеңсесине атайын багыттагы аскерлер менен бастырып кирүү, каршылык көрсөтпөгөн журналисттерди жерге көмкөрөсүнөн жаткырып, кеңседеги компьютерлердин алынып кетишинин мыйзамдуулугун парламенттик көзөмөлгө алуу керектиги айтылган.

“Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасынын мазутту экспортоо иштерин иликтөө да сунушталган.

“Бул кармоолор “Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасы тууралуу иликтөөгө байланыштуу болушу мүмкүндүгүнө коомчулук ишенип турат”,- деп айтылат кайрылууда.

Уюм Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу үчүн күч кызматтарында реформаларды жүргүзүүгө чакырган.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, баңгизатка байланыштуу кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өтүшкөн.

Журналисттер жана активисттер, акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын коюшкандан кийин Болот Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде, төкмө акын Болот Назаров соттун чечими менен үй камагына чыккан. Бул окуялардын алдында Темиров жана анын командасы жемкорлук тууралуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарынын аты аталган иликтөө жарыялаган.

Ташиев 23-январда маалымат жыйын уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Иликтөөдө айтылгандарды "жалаа" деп атаган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG