Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Пакистанда Жогорку Сотко биринчи жолу аял судья дайындалды


Судья Айеша Малик.
Судья Айеша Малик.

Пакистанда 55 жаштагы судья Айеша Малик 24-январда ант берип, Жогорку Соттун судьясы кызматына киришти. Анын антын башкы судья Гулзар Ахмад кабыл алды.

"Мен судья Айеша Маликти Жогорку Соттун алгачкы аял судьясы болушу менен куттуктайм", - деп жазды "Твиттерге" Пакистандын премьер-министри Имран Хан.

АКШда билим алып келген Малик Пакистандын чыгышындагы Лахор шаарында 20 жылдан бери судья болуп иштеп келген.

Маликти жаңы кызматка дайындаган тогуз мүчөдөн турган кеңеш былтыр анын талапкерлигин четке кагып койгон. Бул ирет ал кеңештин беш мүчөсү Маликти Жогорку Соттун судьялыгына дайындоого макул болду.

Бул айдын башында Пакистандагы адвокаттар кеңешинин мүчөлөрү Айеша Маликти судьялык кызматка дайындоого каршы акцияга чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG