Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат


"Торугарт" өткөрмө бекети.
"Торугарт" өткөрмө бекети.

Кытайда Жаз, Жаңы жыл майрамдарын белгилөөгө байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү жайлары маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

31-январь, 4-февраль, 7-февралда эки бекет тең иштейт. 29-30-январь, 1-3-февраль жана 5-6-февралда жабык болот.

7-февралдан баштап атайын алгоритмдин негизинде Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды өткөрө баштайт.

Кытайда февраль айынын башында Чыгыш жылнаамасы боюнча Жаңы жыл жана Жаз майрамы белгиленет. (BCh)

XS
SM
MD
LG