Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

“Озоди” чек арадагы атышуудан бир тажикстандык көз жумганын жазды


Кыргыз-тажик чек арасы.
Кыргыз-тажик чек арасы.

“Озоди” радиосу өз булактарына таянып, чек арадагы атышуудан тажик тараптан бир жайкын тургун каза болгонун жазды. Маалыматты Чоркух жамаатынын башчысы да ырастап, 36 жаштагы Обиджон Туйчиев мүрт кеткенин билдирди. Анын айтымында, Обиджон ошол маалда жергиликтүү милиция бөлүмүнүн жанында жүргөн.

27-январдын кечинде кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы анда "тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын" маалымдаган.

Кыргыз тараптан төрт адам жарадар болгону маалымдалды.

Кагылыш Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Кыргыз тарап жолду тажик тараптын чек ара кызматкерлери тосуп баштаган деп айыптаса, Тажикстандын бийлиги кыргыз тараптан чагым болду деп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG