Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Чек ара кызматы тажик аскерлеринин аракетин Согд облусунун губернатору координациялаганын кабарлады

Жаңжал чыккан Төрт-Көчө аймагы.
Жаңжал чыккан Төрт-Көчө аймагы.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын хронологиясын жарыялады.

Андагы маалыматка караганда, 27-январда 17:50дө Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары таш жүктөлгөн чоң автоунаалар менен келип, Баткен-Исфана жолун торошкон.

Аларды тажикстандык чек ара күчтөрү коштоп жүргөнүн Кыргызстандын расмий органы белгилеп жатат.

Мындан соң эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүп, жол ачылган. Бирок бир аз өтпөй тажик аскерлери Чыр-Дөбө деген жерде кыргыз аскерлерин көздөй минометтон ок чыгарганы кабарланды.

Буга улай Төрт-Көчө аймагында да кыргыз тарапты аткылай баштаган.

"Тажикстандын аскерлеринин аракетин Согд облусунун губернатору координация кылганы чагымдын алдын ала даярдалганын далилдейт. Чек арачылардын штаттык комплектине кирбеген минометтордун колдонулушу эл аралык жана эки тараптуу келишимдерди одоно бузуу болуп саналат"- деп айтылды Чек ара кызматынын маалыматында.

Согд облусунун губернаторуна байланышкан маалыматты Тажикстандын расмий органдары комментарийлей элек. Коңшу өлкө жаңжалга Кыргызстанды күнөөлөп жатат.

"Озоди” радиосу өз булактарына таянып, чек арадагы атышуудан тажик тараптан бир жайкын тургун каза болгонун жазды.

Ал эми Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги соңку жаңжалда төрт кыргыз аскери жараат алганын кабарлады. (BkA)

XS
SM
MD
LG