Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:47

Блинкен: Орусия Украинага агрессиясын уланта берсе “олуттуу кесепеттерге” кабылат


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусия эгер Украинага карата “агрессия жолун” тандап алса “олуттуу кесепеттерге” кабыларын айтып, кайрадан эскертүү жасады. Бул тууралуу ал 27-январда "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде билдирди.

Мамкатчы Украинага байланыштуу Орусия менен Батыштын ортосунда жаралган кризисти чечүү үчүн Москваны дипломатиялык тилге келүүгө чакырды. Ал Вашингтон азыркыга чейин Кремлдин максатын жана анын Европанын коопсуздук түзүмүн өзгөртүүгө болгон аракетин түшүнбөй жатканын белгиледи.

“Кремл эмнени каалап жатканын айтып бере ала турган жалгыз киши бул - Орусиянын президенти Владимир Путин. Балким ушул учурда ал өзү деле билбеши мүмкүн, анткени бул анын мурдагы чаралары болчу. Азыр ал мындан аркы кадамдарды мүмкүн болушунча татаалдаштырышты гана көздөп жатат”,-деди Блинкен.

Мунун алдында АКШ менен НАТО Орусиянын талабы менен “коопсуздук кепилдиги” боюнча Москвага кат түрүндө жооп берген. Аны комментарийлеген мамкатчы Энтони Блинкен катта Вашингтон Украинанын НАТОго кабыл албоо тууралуу Москванын талабын четке кагып, коңшусунун жанында аскерлерин жыйнаганын расмий айыптаганын билдирген. Бирок ошол эле маалда ал украин кризисин чечүү үчүн Кремлге дипломатиялык сунуш берилгенин кошумчалаган.

Орусиянын бийлиги АКШнын жообун алганын ырастап, аны талдап чыккандан кийин позициясын айтарын маалымдаган.

30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Буга каршылык билдирген Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тарткан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган.

АКШ, Европа Биримдигиндеги мамлекеттердин, НАТОнун расмий адамдарынын Орусиянын өкүлдөрү менен ар кайсы деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан жок. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG