Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Баткендеги үзгүлтүккө учураган электр жарыгы калыбына келтирилди


Баткендеги электр чубалгыларын оңдоп жаткан жумушчулар. 28-январь, 2022-жыл.
Баткендеги электр чубалгыларын оңдоп жаткан жумушчулар. 28-январь, 2022-жыл.

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышта үзүлгөн электр чубалгылар оңдолуп, электр энергиясы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлик буга чейин электр линиялары тажик тарап ок чыгаргандан кийин жабыркаганынын билдирген. Анын айынан Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарында жарык өчүп калган. Жарык өчкөн айылдарда "Ошэлектрдин" кызматкерлери иштеди.

27-январдагы чек ара жаңжалы Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Бул Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жолдун кесилиши. Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атоодо. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургун экенин жазды.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканын 28-январда саат 04:10до Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды эки тараптуу комиссия иликтей турганын Баткенде, чек арадагы Достук айылындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG