Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Kaktus.media чек ара боюнча жазгандарына түшүндүрмө берди


Kaktus.media сайты кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча буга чейин жазгандарына түшүндүрмө берди. Буга чейин аталган сайт чек арадагы кырдаал боюнча Тажикстандын Asia Plus басылмасынын маалыматын көчүрүп жарыялаган (перепечатка). Бул айрым жарандардын нааразылыгын жараткан.

"Бул басылманын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш-аракеттерди жасап жаткандыгын так билүү керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген. Башка басылмадан алынган (ПЕРЕПЕЧАТКА) маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз", - деп жазылат басылманын түшүндүрмөсүндө.

Kaktus.media редакциясы ар дайым кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоп келгенин жана мындан ары да коргой турганы белгиленген.

Бүгүн, 28-январда Kaktus.media басылмасынын кеңсесинин алдына өздөрүн жарандык активист, Баткендин тургундары деп атаган адамдар митингге чыгышты. Алардын айрымдары басылманы бир тараптуу маалымат таратууга айыпташты.

"Kaktus.media бири тараптуу маалымат берип жатат. Спутник Тажикстан, Asia Plus, Исфара мэриясынын айткан сөздөрүн жарыялап жатат. Кана биздики? Журналистика боюнча адилеттүүлүктү чагылдыргысы келсе алардыкын жазса дагы кыргыз тарап маалыматты четке какты дегенди, расмий маалыматты, версияны кошуп бериши керек болчу. Ошондо адилеттүүлүк жаралат", - деди митингге чыккандардын бири Элбек Хабибуллаев.

Алар аталган медианы "чек ара боюнча жалган маалымат таратып жатат" деп айыпташты жана анын жабылышын талап кылышты. Митингге чыккандардын айрымдары Kaktus.media жарыялаган жаңылыкты окубаганын жана түшүндүрмө менен тааныш эмес экенин айтышты.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жөнгө салынган. Бир аздан кийин тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атады. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазды.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды эки тараптуу комиссия иликтей турганын Баткенде, чек арадагы Достук айылындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG