Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Байден менен Зеленский "украин кризисин" телефондон талкуулады


Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Жо Байден. 1-сентябрь, 2021-жыл. Вашингтон, АКШ.
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Жо Байден. 1-сентябрь, 2021-жыл. Вашингтон, АКШ.

АКШнын президенти Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен кайрадан телефондон сүйлөшүп, Орусия украин жергесине кол салса Вашингтон жана анын өнөктөштөрү “чечкүндүү жооп” кылууга даярдыгын бышыктады.

Байден ошондой эле Кошмо Штаттары Киевге кошумча макроэкономикалык көмөк кылуу маселесин карап жатканын айтты. Ак Үйдүн басма сөз кызматы кабарлагандай, бул согуштук абалга байланыштуу оорлоп кеткен жагдайдан чыгуу үчүн украин бийлигине колдоо көрсөтүү.

Владимир Зеленский Байден менен телефондук баарлашуу узак болгонун, анда кырдаалды жөнгө салуу боюнча дипломатиялык чаралар талкууланганын Твиттерде жазды.

“Мен президент Байденге уланып жаткан аскердик колдоо үчүн ыраазычылык билдирдим. Биз ошондой эле Украинага финансылык көмөк жөнүндө сөз кылдык”,-деди Зеленский.

Бул Жо Байден менен Владимир Зеленскийдин январдагы телефондук экинчи сүйлөшүүсү болуп калды. Тараптар мурдагы айда да байланышкан.

Мунун алдында АКШ менен НАТО Орусиянын талабы менен “коопсуздук кепилдиги” боюнча Москвага кат түрүндө жооп берген. Аны комментарийлеген мамкатчы Энтони Блинкен катта Вашингтон Украинаны НАТОго кошпоо тууралуу Москванын талабын четке какканын маалымдаган. Орусиянын бийлиги АКШнын жообун алганын ырастап, аны талдап чыккандан кийин позициясын айтарын маалымдаган.

30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Буга каршылык билдирген Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тарткан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган.

АКШ, Европа Биримдигиндеги мамлекеттердин, НАТОнун расмий адамдарынын Орусиянын өкүлдөрү менен ар кайсы деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG