Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:55

УКМК: Чек арадан аскерлерди алып кетүү аягына чыкты


Куралдуу жаңжалда өрттөлгөн унаа. Баткен, Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
Куралдуу жаңжалда өрттөлгөн унаа. Баткен, Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кошумча күчтөрдү артка алып кетүү жараяны аяктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Чек ара кызматы кадимки режимде иштеп жатат.

Мекеменин 29-январдын саат 10:30га карата берген маалыматына ылайык чек ара аймагында кырдаал туруктуу.

Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирген.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаганын тактады. Мекеме тараткан маалыматта алардын абалы орточо оор экени, баары облустук ооруканага жаткырылганы айтылат.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG