Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Юстиция министрлиги аткезчилик үчүн жазаны катаалдатууну сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Юстиция министрлиги аткезчилик үчүн жазаны кескин катаалдатуу чаралары камтылган мыйзам долбоорун даярдады. Анда Кылмыш-жаза кодесиндеги экономикалык аткезчиликке барган жаран, же уюшкан (транс чек аралык) топ, уюшкан топтун топтун курамындагы адамдар бажы төлөмдөрүн эки эсе төлөп берсе кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт деген жобо жоюлат. Ошондой эле контрабанда үчүн колдонулган машиналар мамлекеттин карамагына өтөт. Долбоордо товарларды жана тарнспорт каражататрын мыйзамсыз ташуудагы айып пулдун өлчөмү көбөйтүү каралган.

Министрлер кабинети 25-январда аткезчиликке каршы күрөшүүнү күчөтүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Өткөн жылы декабрда Бажы кызматынын ошол кездеги жетекчиси Адилет Кубанычбеков "Азаттыкка" курган маегинде бул тармакта аткезчилик толук жоюлганын билдирген. Ушул айдын башында ал өзү коррупцияга шек саналып кармалган. Кубанычбеков күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Статистикага ылайык, Кыргызстан 67-80% чейин товарларды сырттан импорттойт. Андагы аткезчилик жана мыйзамсыз ишкердиктен турган көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң өнүмдүн 37% барабар.

Эл аралык Transparency Internationa уюмунун 2017-жылдагы изилдөөсүндө Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмү 40% ашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG