Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

БУУ: Талибдер ондогон аткаминерлерди жана аскерлерди жок кылган


Талибдер 100дөн ашуун кылмышка шектүү адамдар кармалганын билдирди. 24-январь, 2022-жыл.
Талибдер 100дөн ашуун кылмышка шектүү адамдар кармалганын билдирди. 24-январь, 2022-жыл.

Талибдер мурдагы ондогон ооган аткаминерлерин жана аскерлерин жок кылганы БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериштин баяндамасында белгиленген.

Анда жазылгандай, Ооганстанда талибдер бийликке келип, чет өлкөлүк күчтөр чыгарылгандан кийин ондогон аткаминерлер, коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери жана эл аралык контингент менен кызматташкан жарандар өлтүрүлгөн.

Кылмыштардын үчтөн экиси талибдер жана анын тарапташтары тарабынан жасалган.

Документте ошондой эле "Ислам мамлекети" террордук тобуна байланышы бар делген 50 адам сотсуз эле дарга асылганы белгиленген.

БУУнун баяндамасында Ооганстанда бийликке талибдер келгени өлкөдө экономикалык жана гуманитардык кризис курчуп, журналисттерге жана укук коргоочуларга басым күчөгөнү жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG