Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

УКМК: мөөнөтү өткөн дарыларды саткан фармкомпаниянын башчысы камалды


Парламентте дары-дармек базарындагы абал тууралуу маселе көтөрүлгөн.
Парламентте дары-дармек базарындагы абал тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Кыргызстандагы медициналык жайларга мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектерди, анын ичинде балдарга керектүү препараттарды сатып жүргөн фармацевтикалык компания аныкталганын билдирди. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды жана компаниянын "А.К" аттуу жетекчиси камалды.

"Бул компания саламаттыкты сактоо тармагы жана дарыканалар аркылуу дарыгерлерге жана фармацевттерге акчалай сый акыларды жана бонустарды төлөп берүү менен импорттук дары-дармектерди мыйзамсыз сатып келгени аныкталды. Ошол эле учурда, бул компания балдарды даылоо үчүн керектүү дары-дармектерди да импорттойт, бул деген балдардын ден соолугуна бир топ зыян келтирүү коркунучун жогорулатат", деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Азыркы учурда бул компания келтирген зыяндын көлөмү, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо уланып жатат.

Былтыр ноябрда атайын кызмат эң керектүү делген 500дөн ашык дары-дармектин баасы арзандатылганын билдирген. Анын алдында парламентте дары-дармек базарындагы абал тууралуу маселе көтөрүлгөн. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттардын фармацевтикадагы мафия тууралуу суроосуна жооп берип жатып ага мамлекеттик кызматта иштегендер да аралашып кеткенин билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн көп жана көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG