Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

COVID-19: төрт бейтап каза болуп, оору дагы 202 адамдан аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 202 адамдан табылып, төрт бейтап көз жумду. Ооругандардын саны жагынан Бишкек шаары менен Чүй облусу алдыда.

Ушуну менен өлкөдө оору жуккандардын саны 198 миң 518ге жетти, жалпысынан 2884 киши каза болду. Ушул тушта ооруканаларда 1063, ал эми үйүндө беш миңдей адам дарыланып жатат.

Былтыр марттан бери вируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын жалпы саны 1,3 миллиондон ашты. Экинчи дозасын алгандар 1,1 миллионго чукулдады. Саламаттык сактоо министрлиги жашы 60тан өткөн адамдарды бустердик дозаны (вакцинанын 3-дозасы) алууга чакырууда.

Коронавируска каршы бустердик дозаны алуу аралыгы төрт айга кыскартылган. Мурда бул аралык алты ай деп белгиленген эле. Үчүнчү доза менен эмдөө былтыр жыл аягында башталган.

XS
SM
MD
LG