Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

HRW казак бийлигин кыйноолор тууралуу фактыларды иликтөөгө чакырды


«Хьюман Райтс Уотч» уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон. 22-сентябрь, 2021-жыл.
«Хьюман Райтс Уотч» уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон. 22-сентябрь, 2021-жыл.

«Хьюман Райтс Уотч» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Казакстандын бийлигин кыйноолор тууралуу билдирүүлөрдүн баарын тыкыр иликтеп, январь окуялары маалында жана андан кийин кармалган активисттерди басмырлоону токтотууга чакырды.

Эл аралык уюм 1-февралда тараткан билдирүүдө полициячылар «тынч демонстранттарды ойду-келди кармаган» ондогон окуялар тууралуу маалымат түшкөнү жазылат. Ошондой эле кармалгандар ур-токмокко алынып, кыйноого кабылганы белгиленген.

«Казак бийлиги кыянатчылыкты тез арада токтотуп, кармалган ар бир адамдын укугунун сакталышын камсыздап, ур-токмокко алгандарды жоопкерчиликке тартууга тийиш»,-деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Бийликтин расмий маалыматына ылайык, январдын башында Казакстандагы тополоңдо 227 киши өлүп, он миңден ашуун адам кармалган. Укук коргоочулар бул сан алда канча көп болушу мүмкүн экенин боолгошот. Президент Касым-Жомарт Токаев укук коргоочуларды жана көз карандысыз активисттерди «каршылык акцияларын тутандырууга» айыптаган.

XS
SM
MD
LG