Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Москвада 15 тажик жараны калайман мушташка байланыштуу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Москвадагы элчилиги 31-январда билдиргендей, Орусияда 15 жаран калайман мушташка катышты деген шек менен кармалды. Алардын ичинен жети мигрантка административдик иш козголуп, Орусиядан депортацияланганы жатат. Дагы бир тажикстандык бейбаштыкка шектелүүдө.

Расмий маалыматтарга караганда, мигранттар Москванын түштүгүндө 29-январга караган түнү мушташка катышкан.

Буга чейин тажик мигранттары орус полициясы аларды "атайлап тобу менен кармап жатат" деп арызданышкан. Тажикстандын Орусиядагы элчилиги орус тартип коргоо органдарын адилеттүү териштирүүгө, ал эми жарандарды «чагымчыл аракеттерден» алыс болуп, эрежелерди сактоого чакырды.

Орусияда 1,6 миллиондой тажикстандык мигрант бар экени кабарланган.

Былтыр жайда Москвада болгон кыргыз-тажик жарандарынын калайман мушташынан кийин мигранттарды текшерүү тыйылбай, депортация кылуу күчөгөнү айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG