Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Машинелердин терезесин караңгылатуу мыйзам долбоору сынга алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети 1-февралдагы жыйынында машинелердин алдыңкы эшиктериндеги терезелерди акча төлөп караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү чаралары камтылган мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.

Анда бир катар депутаттар караңгылатууга уруксат берүүнүн жол-жобосу, коопсуздук маселелерин айтып сынга алышты. Жыйынтыгында бул маселени күн тартибинен алуу, кийинки жыйында кайра кароо чечими кабыл алынды.

Өткөн айда Министрлер кабинети автоунаалардын терезесин акы төлөп караңгылатуу сунушун колдогон. Бул долбоор республикалык бюджетти салыктык эмес кирешелердин эсебинен көбөйтүү максатында даярдалганы айтылган.

Буга чейин параментте жана өкмөттө дагы автоунаалардын айнегин караңгылатууну мыйзамдаштыруу сунушу көтөрүлүп, тиешелүү долбоорлор даярдалган.

Азыркы мыйзамдарга ылайык, айнектерин караңгылатып алган айдоочуларга 5,5 миң сом айып пул салынат. Кыргызстанда 1,5 миллионго жакын машине катталган.

XS
SM
MD
LG