Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

АКШ Катарга өзгөчө макам берип, жакын өнөктөштөрүнүн катарына кошот


Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Ак үйдө Катардын лидери, шейх Тамим бин Хамад аль-Танини кабыл алып жатат. 31-январь, 2022-жыл.
Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Ак үйдө Катардын лидери, шейх Тамим бин Хамад аль-Танини кабыл алып жатат. 31-январь, 2022-жыл.

АКШ Катар мамлекетине өзгөчө макам берип, НАТОго кирбеген негизги өнөктөштөрүнүн тизмесине кошот. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 31-январда Ак үйдө Катардын лидери, шейх Тамим бин Хамад аль-Танини кабыл алган учурда билдирди.

Байден Катарды "жакшы дос, ишенимдүү өнөктөш" деп атап, ага өзгөчө макам берүү убактысы келгенин кошумчалады.

Украинанын тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу Орусия Европага газ берүүнү токтотуп салса, Евробиримдик көгүлтүр отту Катардан алууну көздөп жатат.

Катар былтыр Америкага Ооганстандан жарандарын көчүрүп кетүүдө чоң жардам көрсөткөн. Перс булуңундагы бул мамлекетте АКШнын ири аскердик базасы жайгашкан.

Катар лидеринин АКШга жасаган сапары маалында Qatar Airways компаниясы америкалык Boeing компаниясына жүк ташуучу 34 жаңы учакка жана 25 Boeing 737 MAX үлгүсүндөгү учакка буюртма берди. Анын жалпы баасы 30 миллиард доллардан ашат.

XS
SM
MD
LG