Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Болот Темировдун канынан тапшырган анализи да таза чыкты


Болот Темиров командасы менен атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тууганынын аты аталган иликтөө жарыялангандан кийин камалып, кайра бошотулган.
Болот Темиров командасы менен атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тууганынын аты аталган иликтөө жарыялангандан кийин камалып, кайра бошотулган.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Болот Темиров өзү билдирди. Баңгизатка байланыштуу айып коюлган журналист буга чейин заарасынан анализ тапшырып, ал таза чыккан.

Бир аптадан ашык убакыт мурун Темиров жана анын командасы Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган.

"Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темадагы материалда "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасы “Регион Ойл” деп аталган компанияга мазут сатканы, жеке компания мазутту сыртка экспорттоп, эки күндүн ичинде 37 миллион сом тапканы айтылган.

Ташиев менен анын жакындары дооматтарды четке каккан.

Иликтөө жарыялангандан көп өтпөй анын автору Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.

Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети 1-февралда "Тemirov Live" аттуу Youtube каналынын журналисттеринин ишинин тергелиши тууралуу милициянын, прокуратуранын маалыматын укту. Анда Башкы көзөмөлдөөчү органдын өкүлү Тилек Мурзакулов бул иш көзөмөлдө экенин, айтылган доомат-сындар териштирилип жатканын билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев "журналисттин чөнтөгүнө баңгизатты салып коюшкан" деген маалымат текшерилип, аларды кармоо учурунда жана каналдын кеңсесинин ичинде тартылган видеолор иликтенип жатканын билдирди.

Мунун алдында журналисттик коомчулуктун өкүлдөрү бул окуядан улам бийликке кайрылуу жолдогон. Анда демократиялык коомдун принциптеринен жана баалуулуктарынан четтөө өңдүү тынчсыздандырган көрүнүштөр болуп жатканы белгиленген. Ошондой жалпыга маалымдоо каражаттарына жана сөз эркиндигине туш тараптан жапырт чабуул коюлуп жатканын айтышкан. Бул аракеттер айрым мыйзамдарды кабыл алуу, ири суммадагы доо арыздар, оозеки коркутуулар, мыйзамсыз кармоо жана суракка чакыруу аркылуу ишке ашып келатканына токтолушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG