Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:50

COVID-19: беш бейтап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир күндүн ичинде коронавирустан беш бейтап көз жумду жана оору дагы 201 адамдан аныкталды. Вирус жуктургандардын дээрлик теңинен көбү (104)Бишкек шаарында катталды. Андан кийинки орунда Чүй менен Ысык-Көл облусу турат.

Коронавирус болгондордун жалпы саны 199 миңге чамалап, 2889 киши көз жумду.

Ушул учурда ооруканаларда 996, ал эми үйлөрүндө 4,5 миңдей бейтап дарыланып жатат.

Былтыр марттан бери вируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын жалпы саны 1,3 миллиондон ашты. Экинчи дозасын алгандар 1,1 миллионго чукулдады. Саламаттык сактоо министрлиги жашы 60тан өткөн адамдарды бустердик дозаны (вакцинанын 3-дозасы) алууга чакырууда.

Коронавируска каршы бустердик дозаны алуу аралыгы төрт айга кыскартылган. Мурда бул аралык алты ай деп белгиленген эле. Үчүнчү доза менен эмдөө былтыр жыл аягында башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG