Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Столтенберг: Москва Беларуска заманбап курал-жарак жөнөттү


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 12-январь, 2022-жыл.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 12-январь, 2022-жыл.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 3-февралда Брюсселде өткөн маалымат жыйында Москва Беларуска 30 миңдей аскер жана заманбап курал жөнөткөнүн билдирди.

Анын айтымында, Беларуска орус тараптан СУ-35 истребителдерин, «Искандер» ракеталык комплекстерди, С-400 зениттик-ракеталык комплекстерди жиберди.

НАТОнун баш катчысы орус агрессиясы олуттуу кесепеттерге туш болорун дагы бир ирет эскертти.

Орусия менен Беларус аскердик машыгуу өткөрөрүн январь айында жарыялаган, бирок канча аскер жана техника жөнөткөнүн тактаган эмес. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Минскиге 3-февралда барып, аскерлердин саны Европа коопсуздук жана келишим уюму менен 2011-жылы макулдашылган документте көрсөтүлгөндөн кыйла аз экенин айтты.

Вена документи деп аталган ал келишим аскердик машыгууларга 13 миң аскердин, 300 танктын жана 500 брондолгон техниканын тартылышына уруксат берет.

Орусия Украина менен чек арасына 100 миңден ашуун аскерин жана техникасын топтогондон кийин Москва кошуна өлкөгө кол салууну пландап жатат деген кооптонуу күчөдү. Кремл Украинага басып кирүүнү көздөйт деген дооматты четке кагып, бирок куралдуу күчтөрүн алып кетүү үчүн Батыштан “коопсуздук кепилдиктерин” талап кылган.

Москва "Украина НАТОго кирбейт, орус чек арасына жакын жерлерге аскердик системалар орнотулбайт, блоктун күчтөрү Чыгыш Европадан алыстатылат" деген шарттарды койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG