Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Кайра шайлоо: Бишкектеги эки округдан 52 талапкер катталды


Шайлоо тилкеси. Архив сүрөт.
Шайлоо тилкеси. Архив сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке Бишкектеги бир мандаттуу №27 Биринчи май (27 талапкер) жана №29 Свердлов округдарынан (25 талапкер) кайра шайлоого жалпысынан 52 талапкерди каттады.

Талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу 30-январда аяктаган жана жалпысынан 72 кишиден арыз түшүп, анын 55и керектүү документтер топтомун тапшырып үлгүргөн.

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

XS
SM
MD
LG