Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:22

Динара Кутманова Кумтөрдөгү мөңгүлөр тууралуу маалымат берди


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова бүгүн, 4-февралда Кумтөр кениндеги мөңгүлөрдүн азыркы абалы жана андагы калдыктар тууралуу маалымат берди. Мөңгүлөрдөгү көйгөйлөр 2012-жылы ачыкка чыкканын белгилеп, азыркы тапта мөңгүнүн башына таштанды таштоо иши токтогонун айтты.

“Кендин жанында Давыдов, Лысый, Сары-Төр, Борду жана Петров мөңгүлөрү бар. Биз барганда Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнүн үстүндө калдыктарды 120 метрге чейин үйүп салыптыр. Эмнеге үйүп салганын сураганда ташууда күчтү үнөмдөө үчүн ушу жолго барганын айтышкан. Алар өздөрүнүн 2011-жылдагы отчетунда да ушуну жазган. 2015-жылга чейин мөңгүгө таштандыларды төгө беришкен. Анан “Амек” деген компания 2014-жылы келип, калдыктарды төккөнгө болбой турганын жазып кеткен. Бирок, "Кумтөр Оперейтинг Компани" ал ишин токтоткон эмес, 2015-жылы экинчи ирет “Амек” компаниясы келип, бул практикада колдонулбайт, жапайчылык дегенде гана ал ишин токтоткон”, - дейт ал.

Министр Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнө калдыктар ташталбай калганына карабай аларды талкалоо иштери жүргөнүн, бирок 2021-жылдан бери бул процесс токтогонун белгилейт.

Мөңгү маселеси Кыргызстан үчүн актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Кумтөр алтын кенин иштетип келген канадалык "Центерра" компаниясын кыргыз өкмөтү быйыл мөңгүлөрдү талкалаганы жана экологиялык зыян келтиргени үчүн деген негизде сотко берген. Компания мындай дооматтарды четке кагып келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG