Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Бээжин-2022: орусиялыктар дагы бир алтын медал жеңди


Камила Валиева
Камила Валиева

Бээжин Олимпиадасында орусиялык спортчулар көркөм муз тебүү боюнча командалык жарышта алтын медал утушту. Экинчи орунду АКШнын, үчүнчүнү Япониянын спортчулары алды. Алар алтынды мелдештин биринчи күнү эле камсыздашкан. 15 жаштагы Камила Валиева төрт жолу чимирилип секирген көнүгүүнү Олимпиадада кыз-келиндер арасында биринчи болуп аткарган спортчу катары тарыхка кирип калды. Ал бул сезондо бир да жолу утула элек.

Орусиялык команда Бээжинде былтыр Токиодогудай эле Орусиянын Олимпиада комитетинин желеги астында мелдешип жатат. Медал тапшыруу аземинде улуттук гимн эмес, Петр Чайковскийдин чыгармасынан үзүндү жаңырат. Алардын кийиминде да Орусиянын символикасы жок. Мындай чаралар Орусиянын допинг эрежелерин бузгандыгы үчүн кабыл алынган.

Жекшембиде орусиялык лыжа спортчусу Александр Большунов алтын медал жеңген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG