Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

Бажы кызматы алтымыштай машиненин ээсин издейт (тизме)


Бишкектеги автоунаа базары.
Бишкектеги автоунаа базары.

Мамлекеттик бажы кызматы Сокулук районундагы “РИОМ Авто” машине базарынын аймагындагы кампада турган 57 автоунаанын ээсин издейт. Маалыматка караганда, ал транспорт каражаттары бажылык тариздөөдөн өткөн эмес жана узак мөөнөттөн бери турат. Ал автоунаалардын тизмесин бул жактан көрүңүз.

Бажы кызматы транспорт каражаттары 14-февралга чейин бажы тариздөөдөн өткөрүлбөсө мамлекеттин менчигине алуу үчүн сотко кайрылаарын эскертет.

2020-жылы 1-январдан тарта Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) сырткаркы мамлекеттерден ташып келинген автоунаалардан алынчу бажы алымы кескин көбөйгөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG