Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Иран менен сүйлөшүүлөр Венада 8-февралда уланат


Европа Биримдиги Иран менен өзөктүк келишимди жандандыруу сүйлөшүүлөрү 8-февралда Венада башталарын билдирди. Шаркет төрагалык кылган сүйлөшүүлөргө Тегеран жана дүйнөлүк державалардын өкүлдөрү катышууда. Кезектеги айлампа 28-январда токтоп, дипломаттар кеңешүүгө өз өлкөлөрүнө тарап кеткен. 2015-жылы Иран менен алты мамлекет (Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия) макулдашууга жетишкен.

Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектемек, бул үчүн санкциялар акырындык менен алынмак. Бирок 2018-жылы АКШ келишимден чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан. Тараптар Венада тикелей эмес сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөрдү.

Иран Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзадех “санкцияларды алуу шарты Тегеран үчүн эң маанилүү маселе” деп билдирди жана жолугушуулар шейшембиде жанданарын бышыктады.

Батыш Ислам жумуриятын өзөктүк куралды байытууда деп айыптаса, Тегеран ал программасы тынчтык максаттарды көдөөрүн айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG