Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Түркмөнстанда жолбун ит-мышыктарды жок кылууга балдар тартылууда


Иллюстрация сүрөт
Иллюстрация сүрөт

Ашхабад шаарынын бийлиги жолбун ит-мышыктарды жок кылуу ишине балдарды тарта баштады. Чогултулган жаныбарларды башкалаанын четиндеги атайын ангарга алып барышууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдады. Мындай иш-чара Улуттук кеңештин кезексиз сессиясынын чечими менен жүргүзүлүп жатат.

Маалыматка караганда, эки аптадан бери ит-мышыктарды көчөдө кармап, кээ бирлерин таяк менен өлтүрүп жатышат. Буга чейин бул ишке курулушта иштегендер катышкан.

Атын атабаган жергиликтүү тургун балдарга жаныбарларды жок кылуу үчүн 5 манаттан (120 сомдун тегереги - ред.) беришерин, алар мүшөк, таяк көтөрүп алып көчө кыдырып жүрүшкөнүн айтып берди.

"Азаттыктын" булагы маалымдагандай, ит-мышыктар ангарларда ачкадан кырылууда. Жаныбарларды коргоочу активисттерди ал жайларга киргизишпейт. Түркмөн бийлиги бир нече жылдан бери маанилүү майрамдар, окуялар алдында Ашхабадда жана башка региондордо “тазалоо” иштерин жүргүзөт.

Өкмөт түркмөн алабайын улуттук символ катары пропагандалап келет.

Жаныбарлардын жапырт жок кылынышына байланыштуу комментарий берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG