Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:32

ОшТВ телеканалы мэриянын балансына өткөрүлдү


Ош мэриясы.
Ош мэриясы.

Ош шаарындагы ОшТВ телеканалы мэриянын балансына өттү. Мындай чечим 10-февралда шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынды.

Буга чейин шаардык кеңешке Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсаловдон ОшТВны мэриянын балансына өткөрүп алуу боюнча кат келген. Байсалов аны Мамлекеттик мүлк фонду жоюла турганы менен түшүндүргөн.

Сессияда каналды мэриянын менчигине өткөрүп алуу сунушу добушка коюлуп, ага 36 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш берди.

ОшТВ телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү ири медиакомпаниялардын бири. Аны 1990-жылдары жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев түптөгөн. 2010-жылдагы кандуу калабага чейин телеканал негизинен өзбек тилинде обого чыккан. 2010-жылы июнь окуясынан соң ээси алмашып, кыргыз тилинде иштеп баштаган.

Анын мурунку ээси Халил Худайбердиевге Ош окуясында улут аралык жаңжалды козуткан деген күнөө тагылып, сыртынан 20 жылга эркиндигинен ажыратылган. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG