Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Түндүк-түштүк жолу: көпүрөнүн уурдалган темирлери боюнча иш козголду


Түндүк-түштүк автожолу. Архивдик сүрөт.
Түндүк-түштүк автожолу. Архивдик сүрөт.

Түндүк-түштүк автожолуна курулган көпүрөнүн тосмолорунун уурдалышы боюнча Сузак райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “Уурулук” беренеси менен иш козгоп, тергеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, райондун Курманбек жана Калмак-Кырчын айылдарынан өткөн “Жалал-Абад-Казарман” автожолунун 364-чакырымына автоунаа өтүүчү көпүрө курулган.

Анын каптал тарабындагы узуну 2,80 метр, туурасы 30 см. болгон темирлери былтыр ноябрь айларында уурдалган.

Натыйжада, жолду салып жаткан кытайлык China Road And Bridge Corporation ишканасы 200 миң сом зыян тарткан.

433 чакырымга созулган түндүк-түштүк автожолу Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган каражатка курулууда. Ишти China Road компаниясы жүргүзүп, “Кыргыз жол транспорт долбоор” институту көзөмөлдөйт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG