Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт


Гурбангулы Бердымухамедов.
Гурбангулы Бердымухамедов.

Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 12-мартта өтөт. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына шилтеме кылып билдирди. Жума күнү, 11-февралда президент Гурбангулы Бердымухамедов парламенттин жогорку палатасынын, Халк Маслахатынын кезексиз жыйынында жаш лидерлерге жол берүү боюнча жеңил эмес чечим кабыл алганын жарыялаган. Түркмөн президенти мындан эки жыл мурун пайгамбар жашына — 63кө келгенин да белгиледи.

Бердымухамедов 2007-жылы бийликке келген. Халк Маслахатынын жыйынында ал туура 15 жыл мурда президент болуп шайланганын белгиледи. Маалымат каражаттар "мамлекет башчы чарчаганын ушундай жол менен кыйытты" деп жазышты. 2006-жылы Сапармурад Ниязов көз жумгандан бери Түркмөнстанды башкарып келген Бердымухамедов 2016-жылдын сентябрь айында өлкөнүн Конституциясын өзгөртүп, президенттин мөөнөтү беш жылдан жети жылга узарган.

Түркмөн президентинин жалгыз уулу Сердар Бердымухамедовду былтыр жайында Министрлер кабинетинин экономикалык, банк маселелери жана эл аралык каржы уюмдары боюнча орун басары же вице-премьер-министр кылып дайындаган. Ноябрь айында ага мунайгаз комплексин көзөмөлдөөнү тапшырган.

Өлкө ичинде “Аркадаг”(“Коргоочу”) деген титулу бар Гурбангулы Бердымухамедовдун Сердардан башка үч кызы бар. Кыздары тууралуу көп маалымат жок.

Адам укуктары жана жарандык эркиндиктин абалы боюнча Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык жана репрессивдүү мамлекеттердин катарында турат. 2019-жылы "Чек арасыз кабарчылар" уюму Түркмөнстандагы басма сөз эркиндиги Түндүк Кореядан да начар экенин билдирип, бул өлкөнү дүйнө мамлекеттеринин ичинен эң акыркы орунга жайгаштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG