Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:16

Эл каттоо электрондук түрдө өткөрүлөт


Иллюстрация сүрөт
Иллюстрация сүрөт

Калкты жана турак жай фондун каттоо алгач ирет электрондук түрдө өткөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Улуттук статистика комитетинин коллегиясында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ал эл каттоо мобилдик тиркемени пайдалануу аркылуу электрондук форматта өткөрүлө турганын кошумчалады жана бул республикалык маанидеги масштабдуу иш-чараны тийиштүү деңгээлде өткөрүү зарылчылыгын айтты.

Кожошев статистиканы мындан ары өркүндөтүү, анын ичинде улуттук статистика системасын санариптештирүү боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Министрлер кабинетинен буга чейин билдиргендей, Кыргызстандын калкын каттоо жараяны 2022-жылы 25-марттан 3-апрелге чейин болот. Айрым тоолуу аймактарда 23-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтомунда белгиленген. Токтомго ылайык, Кыргызстанда туруктуу жана убактылуу жашаган бардык адамдар, бардык турак жайлар катталат.

Кыргызстанда Эл каттоо жараяны 2010-жылы жүргүзүлгөн. 2020-жылга белгиленген Эл каттоо коронавирус пандемиясынан улам токтотулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG