Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Кыргызстанга Пакистандан ишкерлер келет


Бишкек" Эркин экономикалык аймагы. Иллюстрация сүрөт.
Бишкек" Эркин экономикалык аймагы. Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанга 18-21-февраль күндөрү ири жана орто бизнес өкүлдөрүнөн турган пакистандык бизнес-делегация келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, бул күндөр аралыгында 13 компаниянын жетекчилери Экономика жана коммерция, Энергетика министрлигинин, Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин жетекчилиги менен жолугушат.

Мындан сырткары Соода-өнөр жай палатасы менен Кыргызстандагы потенциалдуу бизнес өнөктөштөрү менен бир катар В2В форматындагы жолугушуулар пландаштырылган. Пакистандык делегация үчүн "Бишкек", "Каракол" Эркин экономикалык аймактары, тоо лыжа базалары, ошондой эле инвестициялык жагымдуулугу жогору болгон башка өндүрүш объектилерине саякаттар уюштурулат.

Буга чейин Кыргызстан-Пакистан илимий фондун түзүүнү макулдашып, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү сүйлөшүлгөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин 2021-жылы Пакистан сапарында макулдашылган.

Кыргызстанга билим алуу үчүн келген пакистандыктар көп. Алардын көбү медициналык жаатта окуу жайларда билим алышат.

Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына ылайык, алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттер соңку жылдары 2,7 эсе көбөйгөн. Учурда 24 миң студент билим алып жатат. Индиядан келгендер азайса, Пакистандан келгендер кескин өскөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG