IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 3-мартта Кыргызстанда башталат. Бишкек шаардык муз аянтчасында алты күн боло турган мелдеште Кыргызстан, Кувейт, Иран, Сингапур жана Малайзия курама командалары күч сынашат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.
Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан мелдешке Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, белгилүү хоккейчи Владислав Третьяк, Германиянын хоккей федерациясынын президенти Франц Рейндл жана Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти Айваз Оморканов катышат.
Чемпионат пандемиядан улам 2020-жылы өтпөй калган. IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу астында өтүүчү спорттук мелдеш. (TSh)