Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Путин Донецк менен Луганск жикчил "республикаларын" тааныды


Владимир Путин
Владимир Путин

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын тегерегиндеги кырдаал боюнча видео кайрылуу жасап, бул өлкөнүн чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялады.

Бир сааттык кайрылуусунда ал Украина Минск келишимдерин аткарбай, бул аймактардагы калкты аткылоону улантып жатканын айтты.

"Ушуга байланыштуу мурдатан бышып калган чечимди - “Донецк Элдик Республикасынын” жана “Луганск Элдик Республикасынын” көз карандысыздыгын жана суверенитетин токтоосуз түрдө таануу чечимин туура деп эсептейм. Орусия Федерациясынын Федералдык жыйналышын бул чечимди колдоп жана эки республика менен тең болгон достук жана өз ара жардамдашуу келишимдерин ратификациялап берүүсүн суранам",-деди ал.

Путин мунун артынан эле аталган аймактарды өз алдынча мамлекет катары таануу тууралуу жарлыкка кол койду. Андан кийин аларды түзгөн жикчил топтордун башчылары Денис Пушилин жана Леонид Пасечник менен келишимдерге кол койду.

Мунун алдында Орусиянын Коопсуздук кеңеши президент Владимир Путиндин төрагалыгы астында Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн таануу маселесин карады. Анын катышуучулары Путинден аталган аймактардын көз карандысыздыгын таанууну бир ооздон өтүнүштү.

Буга чейин бир катар Батыш өлкөлөрү Кремлдин Украинанын чыгышындагы жикчилдерди таануу аракетин кескин сындаган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусиянын бул демилгеси Москванын Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Минск келишиминен чыкканына тете экенин эскерткен.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

Орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Донецк көмүр бассейни - Донбасста жайгашкан эки аймактын көз карандысыздыгын эч ким тааныган эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG