Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Бөлтүрүк "Кумтөрдүн" сырткы башкаруучусу кызматынан бошотулду


Теңгиз Бөлтүрүк.
Теңгиз Бөлтүрүк.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тенгиз Бөлтүрүктү “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу кызматынан өзү жазган арыздын негизинде бошотту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өткөн аптада Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине жетекчи болуп дайындалганы белгилүү болгон.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган жана Бөлтүрүк убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

Министрлер кабинети өткөн айда анын 2021-жылдагы иши тууралуу отчетун жактырган. Баяндамада былтыр 14 миң 561 килограмм алтын өндүрүлгөнү, бир жылда салык жана милдеттүү төлөмдөргө 13,6 миллиард сом которулганы, мындан улам төлөм 150% көбөйгөнү айтылган.

Президент Садыр Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасы” аттуу улуттук холдинг түзүлгөнүн былтыр жыл аягында билдирген.

Мамлекеттик компания кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган. Холдингге чет өлкөлөрдө билим алып, иштеп жүргөн жаш кадрлар, менежерлер тартылганы айтылганы менен алардын аты-жөнү ачыкка чыга элек.

Долбоорлордун арасында Ысык-Көлдө цемент заводун куруу, жылына 5 миллион тонна көмүр казууга мүмкүн болгон “Кавак” күрөң көмүр бассейнин өздөштүрүү, Куттуу-Сай, Талды-Булак, Андаш кендерин казуу, Чоң-Кемин, Кара-Көл жана Орто-Токой ГЭСтерин куруу, билим берүү жана IT тармагын өнүктүрүү, өнөр жай жана кайра иштетүүчү ишканаларды куруу каралган.

Финансы министрлиги быйыл "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин баштапкы капиталы бир миллиард сомго чейин жеткирилерин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG