Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Британия Орусияга каршы экономикалык санкция саларын жарыялады


Борис Жонсон, Британиянын премьер-министри.
Борис Жонсон, Британиянын премьер-министри.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон өз өлкөсү чукул арада орусиялык бизнеске каршы катуу санкцияларды киргизерин жарыялап, орус президенти Владимир Путинди Украинага каршы мындан аркы аскердик аракеттерди токтотуусун талап кылды.

“Биз тез арада экономикалык санкциялардын пакетин киргизебиз”,-деди Жонсон 22-февралда журналисттерге.

Жонсон бул Британиянын Орусияга каршы санкцияларынын биринчи этабы болорун, ал Луганск менен Донецкини гана камтыбай, Орусиянын өзүнүн экономикасына сокку урарын маалымдады.

Британ премьери өз сөзүндө Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алган учурда Батыш өлкөлөрү салган санкциялар жеңил болуп калганын, анын жыйынтыгы соңку окуяларга алып келип жатканын кошумчалап, жаңы санкциялар андан оор болоруна токтолду.

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда бекитти.

Украина президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин Украинанын суверенитетин бузуу катары баалады. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG