Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Былтыр 8 миңдей аял зомбулукка кабылды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Ички иштер министрлигинин электрондук каттоосуна 2021-жылы 10 миң 151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан 9 038 адамга коргоо ордери берилген. Анын 8 463ү аялдарга, 311и эркектерге, 264ү жашы жетелектерге тиешелүү. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 8 599 эркекке жана 439 аялга ордер берилген.

ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу үчүн жыл бою элди кыдырып, түшүндүрүү иштерин күчөтүп жатканын билдирди.

Буга чейин башкы прокурор былтыр балдарга каршы жасалган зомбулукка байланыштуу 1827 иш катталганын айткан. Анын 986ы кыскартылып, 13 иш бир ишке бириктирилген. 411и сотко жөнөтүлсө, 417 иш тергөөдө. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG