Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Индия Ооганстанга 50 миң тонна буудай бере турган болду


Индия Ооганстанга жөнөткөн буудайды ташып бараткан автоунаалар.
Индия Ооганстанга жөнөткөн буудайды ташып бараткан автоунаалар.

Индия Ооганстанга берчү гуманитардык жардамын өткөрүү үчүн көп жылдан бери каршылашып келген Пакистан менен келишимге жетишти.

Индиянын Тышкы иштер министрлиги 23-февралда 2500 тонна буудайды жүктөгөн 50 оор жүк ташуучу транспорт Пакистанга киргенин, андан ары Ооганстанга барарын маалымдады. Индия бийлиги жалпы жонунан 50 миң тонна буудай жөнөтүлөрүн көздөп жатат.

Биринчи автоунааларды чек арадан кирүүсүнө арналган аземде Ооганстандын Индиядагы элчиси Фарид Мамундзай бул аракет үчүн ыраазычылык билдирип, ооган жергесинде 20 миллиондой адам ачарчылыктан жабыр тартып жатканын айтты. Расмий Нью-Дели мурдараак талибдердин өкмөтүнө эмес, ооган элине жардам берип жатканын билдирген.

Индия Пакистан менен чек араны тактоодогу талаштарга байланыштуу тирешип келет. Эки тараптын чек арасы катуу куралданган абалда кайтарылат, атышуулар кайталанып турат.

Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашуусуз таштап чыгып кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен, учурда бийлик талибдердин колунда.

Андан кийин өлкөнү жутчулук каптады. БУУ 39 млн. калкы бар Ооганстандын 23 миллионго чукулу ачарчылыкка дуушар болуп жатканын кабарлоодо. Тамак-аш жетишсиздигинен улам жарандар каза болуп, көбүнчө балдар чарчап калып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Жашоочулар тамак үчүн балдарын сатып жатканы айтылып келет.

Өлкөнү "Талибан" башкарганга чейин эл аралык коомчулук берип жаткан жардам Ооганстандын ички дүң өндүрүмүнүн 40%ын жана бюджетинин 80%ын түзүп келген. Талибдер Кабулду басып алгандан кийин сырттан колдоо токтогон. Ооганстандын борбордук банкынын сырттагы резервдериндеги 9,5 млрд. долларлык каражатын пайдаланууга чектөө коюлган. Ал каражаттар негизинен АКШда жайгашкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG