Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине кезектеги генерал наамдары ыйгарылды


Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн башчылары менен.
Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн башчылары менен.

Президент Садыр Жапаров 23-февралда күч түзүмдөрүнүн башчыларына кезектеги генерал наамдарын ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, ички иштер министри Улан Ниязбеков менен коргоо министри Бактыбек Бекболотовго генерал-лейтенант наамы берилди.

Ички иштер министринин орун басарлары Нурбек Абдиев менен Октябрь Урмамбетов, коргоо министринин орун басары Акылбек Ибраев, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы Жумгалбек Шабданбеков, Коргоо министрлигинин 01003-аскер бөлүгүнүн командири Руслан Мукамбетов генерал-майор наамын алды.

Президенттин басма сөз кызматы "Садыр Жапаров наам алгандар милдеттерин мындан ары да татыктуу аткара берерине ишенимин билдирди. Аларга мындан аркы кызматына ийгиликтерди, чың ден-соолук жана бакубатчылык каалады”, деп билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстанда генералдардын саны 150дөн ашат. Полковник наамы канча адамга берилгени белгисиз. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө 16 жарым миңдей аскер кызматкери бар.

Былтыр май айында ошол кездеги Жогорку Кеңеште депутат Каныбек Иманалиев генералдардын, полковниктердин саны көбөйгөнүн сындап чыккан. Ал мамлекеттик казынага оорчулук тууларын да эскерткен.

XS
SM
MD
LG