Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

Украинанын президенти резервдеги аскерлерди чакыртты


Украинанын армиясы. Иллюстрация сүрөт.
Украинанын армиясы. Иллюстрация сүрөт.

Орусиянын аскерлерин Донбасстын аймагына киргизүү чечиминин фонунда Украинанын президенти Владимир Зеленский куралдуу күчтөрдүн резервдеги жоокерлерин чакыруу тууралуу жарлыкка кол койду.

“Бизге украин армиясын жана башка аскердик түзүмдөрдү ыкчам түрдө толуктообуз зарыл болуп турат. Башкы командачы катары мен резервдеги жоокерлерди кайсы бир мөөнөткө чакырттым. Кеп ыкчам резервде турган жарандар жөнүндө гана болуп жатканын белгилеп коёюн”,-деп келтирилет Зеленскийдин сөзү президенттин сайтында.

Ал азырынча жалпы элдик мобилизация кылууга зарылчылык жоктугун маалымдады. Буга чейин катардагы украин жарандары, анын ичинде аялдар да аскердик машыгуудан өтүп жатканы айтылган.

Владимир Зеленский мурдараак Украина дагы деле кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактай турганын айткан, ал ошол эле маалда өлкө агрессияга да даяр экенин билдирген. Бул тушта орус президенти Владимир Путин Украина менен конфликтти биротоло чечүү үчүн Батыш өлкөлөрү жана Киев Крымды “Орусиянын бир бөлүгү” катары таанышы керектигин жарыялаган.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады, ошол эле күнү Федералдык кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Украин парламенти башка өлкөлөргө кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда кабыл алынды. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер “Референдум” делген добуш берүү өткөрүп, өздөрүн-өздөрү “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келген. Эки аймакты тең Орусиядан башка эч ким мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG