Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

БУУ Кыргызстанга качкындар укугун коргоону жакшыртууга көмөктөшөт


Кыргызстанга 1996-жылы келген оогандык качкындар АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдында. 19-август, 2021-жыл

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча агенттигинин Борбор Азиядагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолукту.

Мекеменин басма сөз кызматы тараптар анда Кыргызстанга качып келүүгө аргасыз болгон, баш калка издеген жарандарга жардам берүүнү жакшыртуу, өз ара кызматташуу маселелерин талкуулаганын билдирди. Ошондой эле БУУнун агенттиги качкындарга, башпаанек издегендерге укуктук жардам берүүнү жакшыртуу үчүн аталган министрликке баасы 1,5 миллион сомдук компьютердик жабдууларды бергенин кабарлады.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда ушул тушта 178 качкын жана баш калка издеген 683 адам жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG