Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:02
Капотня районундагы “Газпромнефть-Москва" мунай иштетүүчү заводу
Капотня районундагы “Газпромнефть-Москва" мунай иштетүүчү заводу

Москвага жапырт дрон чабуулу: Эки киши каза тапты, ири мунай заводунда өрт чыкты

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




21:39 15.7.2022

Зеленский Орусияны эртерээк “террорчу-мамлекет” деп таанууга чакырды

21:38 15.7.2022

Орусиянын Башкы прокуратурасы эл аралык иликтөөчү Bellingcat жана The Insider долбоорлорунун ишмердүүлүгү орус жергесинде жагымсыз деп тапты. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды.

21:37 15.7.2022

Европа Биримдиги Украинанын Винница шаарындагы жарандык объектилерге жасалган Орусиянын ракеталык соккуларын “өтө катуу мүнөздө” айыптайт. Бул тууралуу уюмдун тышкы иштер боюнча комиссары Жозеп Боррелдин жана кризистик иштер боюнча комиссары Януш Ленарчичтин билдирүүсүндө айтылды.

21:37 15.7.2022

АКШ элчилиги жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө үндөгөн билдирүү таратты. Ал эми кете албагандарды эл көп чогулган жерлерге, массалык иш-чараларга барбоого чакырып, алар "Орусиянын аскердик бутасы болуп калышы ыктымалдыгын" эскертти. Бул АКШ элчилигинин акыркы үч айдан берки алгачкы билдирүүсү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG